24.09.2018 16:48

Бир катар уурулук фактыларына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Бир катар уурулук фактыларына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Бир катар уурулук фактыларына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Октябрь РИИБге арыз менен 40 жаштагы С.Б. аттуу шаардын тургуну кайрылып, 2018-жылдын 6-10-июлдарында үйдүн сырткы эшигин ачышып, арыздануучунун батирине киришип, акча каражаттарын жана зергер буюмдарын уурдап кетишкен белгисиз жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда   мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган И.А. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран Бишкек шаарында жайгашкан дагы эки батирден уурдоого тиешеси бардыгы аныктылды. Азыркы учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Тергөө амалдары жүрүүдө.